Чыг.№ 1/89

“01” апрель 2013 жыл

Кыргыз Республикасынын Премьеринистри

Ж.Ж. Сатыбалдиевге

Көчүрмө: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык

ресурстар боюнча мамлекеттик

Агенттигинин директору

И.К.Чунуевге

Урматтуу Жантөрө Жолдошевич!

Урматтуу Ишимбай Карыбаевич!

Азыркы учурда Кыргызстанда күн сайын кенге байланышкан проблемалар оорлоп, бул маселени айрымдар саясатташтырып, абалды курчутуп бара жатканын көрүп туруп, экономиканы көтөрүү максаты деген миссияны биз да колдогондуктан, эл аралык Кен казып алуу тармагынын ачыктыгын демилгеси (КТАД) боюнча Консорциумдун мүчөлөрү1, кайдыгер карай албайбыз:


 

1. Кыргыз өкмөтү КТАДка 2004 жылы кошулган, өкмөттүн мүчөлөрү, жооптуу кызматкерлери КТАДдын эл аралык принциптерин эске алып, колдонуп жатышат. Бирок, ага карабай негизинен кен казуучу фирмалар менен лицензиялык келишимдерди, кошумча айрым жерлерде коомчулукту өнүктүрүү келишимдерди (Таласта жергиликтүү коомчулук менен “Талас копер Голд”, “Кентор Голд”, Чаткалда ЗААВ “Чаарат”, “Фонта”) мыйзамдын күчүнө ээ эмес деп эсептейбиз.

2. Ачык-айкындуулук болбой жатканынан, улам жер-жерлердеги элдик жыйындарда бийликке ишенбөөчүлүк пайда болгону, өкүнүчтүү болуп жатат. Мисалы, Кумтордун абалына азыр кыргыз эли нааразы. Таластагы Жерүйдүн, Чоң -Алайдагы Кара-Казыктын, Чаткалдагы «Фулл Голд Майнингдин» (Иштамберди алтын кени), «Эвентустун» (Терек-Сайдан нары сай бойлоп суунун нугун казып жатышы, ал жерден жогорку чыналуудагы эл линиясы өткөнүнө карабай), башка жерлердеги кендердин массалык түрдө казыла башташы абалды оңдобой эле кайра начарлатып жатат. Анын себептери баарыбызга белгилүү, негизинен жалпы экологиялык коопсуздук коркунучу бар: коомдук экологиялык экспертизаны өткөрүүнүн зарылдыгы, «Суу жөнүндө» Мыйзамдын сакталбагандыгы жана технологиялык эрежелердин сакталбагандыгы. Чаткалда “Гео-Эсплор”, “Эвентус” компанияларды мисалы келтирсек болот.

3. Биз, КТАД боюнча Консорциумдун мүчөлөрү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз, бирок баардык областарга жетишпей жатабыз. Региондогу компаниялардын тоо-кен казуу иштеринде элдин көзөмөлү жок. Жалпы элге түшүндүрүү иштери жетишсиз, тийиштүү мыйзамдар менен жарандар жакшы тааныш эмес. Элдин арасында түшүнүк иштери болбогундуктан алар учурдагы абалды аңдай алышпайт. Учурда болуп жаткан чыр-чатактар жалпы улуттук проблемага айланып жатат. Аларды алдына алууга жана саясаттырбаштырууга басым жасашыбыз керек.

Биздин сунуштар:

1. Келишимдер Парламенттик кароодон өтүп, Парламент тарабынан ратификацияланып, мыйзамдын күчүнө кириш керек. Инвестициялык келишимдер эл аралык стандарттарга жооп бериш керек. Түзүлгөн келишимдерде фискалдык режимдин төмөндөгү негизги позициясы көрсөтүлүшү керек:

· Өкмөттүн үлүштүк катышуусу;

· Дивиденддер.

· Стабилизациялык фонд. Ал түшкөн акчадан 3% түзүш керек! Биз алдыга койгон маселе - Өкмөткө жардам берүү, бюджетти көбөйтүүгө жардам берүү. Азыркы кризис абалынан чыгуу үчүн биз ушул мүмкүнчүлүгүн туура жана так колдонууну сунуштайбыз. Бул ыкма башка өлкөлөрдө колдонулат, мисалы Казахстанда, Азербайджанда.

2. Тоо-кен иштерин жөнгө салууда, коомдук угууларда жарандык калкты алдын алуу информациялоо жана толук катышуусун колдоо.

3. Баш аламан кен казуулардын элге болгон зыянын азайтуу максатында, чектелген санда, сапаттуу, мыйзамдуу, айкын негизде ар бир областын өзгөчөлүгүн, экологиялык коопсуздукту жана региондогу социалдык-экономикалык өнүгүүнү эске алуу менен тоо-кен казуу компанияларын иштетүү натыйжалуу болот деп эсептейбиз.

4. КТАД боюнча субрегионалдык деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Биз ишенебиз, КТАДдын принциптерин колдонуп, кен тармактагы келише албастыктарды бирге чечип, өлкөнүн экономикасына салым кошобуз!

Тиркеме: Кыргызстандагы КТАД боюнча Консорциумдун мүчөлөрү/колдору (2 барак)

Терең урматтоо менен,

Кыргызстандагы КТАД боюнча Консорциумдун мүчөлөрү

Почта дареги:

720000, Кыргызстан,

Башкы почтамт,

Бишкек, А/Я 1963

Тел.: +996 (312) 4865

_____________________________________________

1Кыргызстанда КТАДды алдыга жылдыруу боюнча жарандык коомдун Консорциуму. Консорциум Кыргызстандын бардык тоо-кен ишканалары бар региондорунан 20 ашык ӨЭУ бириктирип турат.

КТАД – эл аралык кен казып алуу тармагынын ачыктыгын демилгеси. Азыркы кезде Демилгеге 35 өлкө бирикти. Кыргызстан Демилгеге 2004-жылы кошулган.

Кыргызстандагы КТАД боюнча Консорциумдун мүчөлөрү

Момунтаева А. Талас областынын Омбудсмены (Талас)

Жеңишов А. “Седеп” коомдук бирикмесинин мүчөсү (Казарман)

Кудайбергенов К. Консорциумдун Коомдук кабылдамасынын жетекчиси (Нарын)

Карымшаков Ч. “Юрист и К” коомдук фондунун жетекчиси (Сулюкта)

Алымов А. Ала-Бука айыл өкмөтү (Ала-Бука)

Токтосунова Р. “XXI-кылымдагы жаштардын ден-соолугу жана билими” коомдук бирикмесинин жетекчиси (Талас)

Аматова Н. “Агротехнология” коомдук фондунун жетекчиси (Ош)

Темирбердиев А. “Марэндан” коомдук фондунун жетекчиси (Чоң-Алай)

К.Бейшен уулу Манас Мурасы-Эл Камы коомдук бирикмесинин жетекчиси (Чаек)

Атабеков Т. “ФОАТ” коомдук бирикмесинин жетекчиси (Чаткал)

Айбашев Н. Кожой-Серек” коомдук фондунун жетекчиси (Баткен)

Иманбекова Н. Консорциумдун Коомдук кабылдамасынын жетекчиси (Талас)

Чоргоева С. Самат Кочкор” коомдук бирикмесинин жетекчиси (Кочкор)

Исбасарова Г. БШКнын Талас областагы АКШнын өкүлү (Талас)

Молдогазиева К. Өмүр Дарагы” АӨБ директору (Бишкек)